Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы футболдук стадиондун курулушуна даярдыктар башталды

Кыска кабар , Спорт | 30 Авг 2022 | 458 | 0

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкек шаарындагы жаңы футболдук стадион курулуучу жерде курулушка даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда тосмо жана жер үстүндөгү конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле учурда футболдук стадиондун курулушунун бир канча долбоорлору, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу маселеси каралып жатат.

«Мамкурулуш жаңы футболдук стадион курула турган жерде курулуш иштерине даярдык иштерин баштады. Пландаштырылган футболдук стадиондун долбоору эл аралык талаптарга жооп бериши керек», — деди Жетыбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM