Коомчулукта кургак учукка чалдыккан адамдарга болгон мамиленин жакшы эместиги азыркы күнгө чейин байкалып келет. Бул оорунун кесепетинен бир канча үй-бүлө бузулуп, аягы өлүм менен аяктаган учурлар да жок эмес. Дарыгерлер кургак учуктан толук сакайып кетүүгө, дарылоодон кийин кадимкидей жашоосун улантууга мүмкүн экенин айтышат. Мындан сырткары кургак учук тукум куубайт.
Баткен облусунун 51 жаштагы тургуну Орусияда иштеп жүрүп, кургак учук жугузуп алган. Ал үч айдан бери кургак учук менен күрөшүү борборунда дарыланып жатат, жакынкы арада дарылануусу толук кандуу аяктайт. Бейтап бул оорудан толук кандуу сакаюуга мүмкүн экенин айтып, убагында дарыларды ичип, милдеттүү түрдө врачтардын көзөмөлүндө болууга чакырат.
«Бул ооруну Москва шаарында жүрүп жугузуп алдым. Кыргызстанга келгенде Кадамжай ооруканасында пневмония деп 20 күн жаттым. Кийин кайра анализ тапшырып, ушул жакка келдим. Эки-үч күндө оорунун басаңдай баштаганын сездим. Өзүм да кантип ооруп калганымды билбейм. Ушул сыяктуу жөтөлүп, какырып, температура болсоңор, тамакка болгон табитиңер жоголсо, дароо дарыгерлерге кайрылгыла. Бул оорудан сакайса болот экен. Негизгиси дарыларды убагында ичкиле. Бир күн да калтырбай ичүү керек. Учурда мен 13 дары ичип жатам. Тамакты да күчтүү жеш керек».
Аймактарда кургак учукту дарылоо жана алдын алуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги Американын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) техникалык колдоосу менен «Кургак учукту айыктыруу» долбоорун ишке киргизди. Андан бери бейтаптарды дарылоого ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун директору Жеңиш Шарипов аталган аймакта бул ооруну жугузган адамды басмырлоо күч алганын айтты. Ал бейтаптарга психологиялык жактан да туура түшүндүрмө берүү керектигин маанилүү деп эсептейт.
«Бизде кургак учук менен ооруган адамды кодулаган, басмырлаган учурлар көп. «Жугузган адамга үйлөнбө, турмушка чыкпа» деген стереотипти жок кылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин дарыгерлердин баары психолог да болушат. Мисалы, жаш үй-бүлөлөр келип, ажырашабыз деп чыгышат. Канчасына түшүндүрмө берип, үй-бүлөнү сактап калган учурлар да бар. Бул сакая турган оору, туура дарыланса, толук айыгат. Башкача айтканда, басмырлоону жок кылууга бүтүндөй күчүбүздү жумшап жатабыз».
Көпчүлүк учурда адамдар өзүндө кургак учуктун белгилери пайда болгонуна карабай, дарыгерге кайрылышпайт. Ал эми оору өтүшүп кете электе, эрте стадиясында табуу дартты дарылоонун натыйжасын эселеп жогорулатат. Бул үчүн долбоордун алкагында оорунун жаңы учурларын табуу стратегиясы киргизилди.
Дарыгер-фтизиатр Чыңгызбек Кенжебаев стационарда кургак учукту дарылоо жолдорун жана андан кийинки процесстер тууралуу айтып берди.
«Кургак учуктун сезимтал жана туруктуу түрү бар. Сезимтал түрү алты айга чейинки убакытта дарыланат. Ал эми туруктуу түрүн дарылоо үчүн жаңы дарылар келип, алты айга чейинки убакытта дарылап жатабыз. Туруктуу түрү негизи он сегиз айдан жыйырма айга чейин дарыланат. Толук айыккандан кийин эч кандай чектөө болбойт. Бейтап сакайгандан кийин да өзүнүн айылында каттоодо турат. Үч жылга чейин ар бир алты айда келип текшерилип турат. Толук дарылангандан кийин оору айыгат. «Кандай учурда кайра ооруйт?» деген суроо бар. Сакайган адам ооруган адамдан жугузуп алса, кайра оорушу мүмкүн».
Ал эми кургак учук менен ооруган бейтаптардын амбулатордук дарылоосуна «Кургак учук учурун башкаруу» ыкмасы киргизилген. Команданын мүчөлөрү катары баштапкы медициналык-санитардык жардам берүү уюмдарынын медкызматкерлеринде кошумча жүк пайда болгондуктан, Кыргызстандын «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө» мыйзамы боюнча аларга төмөнкүдөй өлчөмдө кошумча материал каралган:
12 000 сом – ар бир дарыга сезимтал кургак учук учуру үчүн;
24 000 сом – ар бир дарыга туруктуу кургак учук учуру үчүн.
Бул каражат бейтап толук сакайгандан кийин гана эмгек чыгымынын көлөмүнө жараша дарылоого катышкан команданын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт.
Эске салсак, кургак учук — жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ.
Кыргызстан 2014-жылдан тарта кургак учукка каршы ооруканалардын санын 25тен (2013-жылы койкалардын саны – 3467) 15ке (2021-жылы койкалардын саны – 1845) чейин кыскартып, бара-бара кургак учукту абмулатордук дарылоону кеңейтүүгө өттү.
2021-жылы кургак учук ооруканаларында сакайтылган кургак учук учурларынын саны 6226ны, ал эми 2022-жылдын 4 айында 1933тү түздү.