Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө 9 гектар жерге Имам Сарахси комплекси курулат

Блог , Маек | 30 Авг 2022 | 10389 | 0

27-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында «Өзгөн-Мунара-2022» этнофольклордук фестивалы экинчи ирет өткөрүлдү. Анда аалым Имам Сарахсинин мавзолейинин айланасындагы 9 гектар жерге илимий окуу борборун ачуу боюнча долбоор менен тааныштылганын концертке барган көрөрмандар жазып чыгышты. Биз бул маалыматты тактоо үчүн Өзгөн шаарынын мэри Дамир Монолдоров менен маек курдук.

—  Өзгөндө өткөн майрамдык салтанатта «Өзгөн шаарына 9 гектар жерге илимий борбор курулат» деген маалымат айтылыптыр, бул борбор качан, кайсы жерге курулат?

— Өзгөн шаарында аалым Имам Сарахсинин мавзолейи жайгашкан жер бар, Таш-Дөбөдө. Анын айланасындагы 9 гектар жерге бир гана илимий борбор эмес, Имам Сарахси мечити, элге көп кабаттуу үйлөр, мектеп, бала бакча, соода борбору жана башка социалдык имараттардын курулушу күтүлүп жатат. Ал боюнча башкы план иштелип чыгып, 2010- жылдан бери бир нече жолу көтөрүлгөн. Акыркы жолу президент Садыр Жапаров Түркияга болгон иш сапарында аталган жерге инвестиция тартуу маселесин көтөрүп, түрк тарапка сунуштаган.

— Жерди иштетүү боюнча долбоор качан сунушталып башталды эле?

— Игорь Чудинов Өкмөттү башкарып турган учурда ошол маселе көтөрүлүп, аталган жер мамлекеттин карамагында болгон. Башкача айтканда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын карамагында болуп, айыл-чарба багытында иштетилип келген. Сугат жер болуп, тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу ал убакта сугат жерлерге карата мараторий бар болчу. Ошондуктан ал жерлерге долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес. Кийин бул боюнча Өкмөткө жергиликтүү айыл өкмөт тарабынан жана Өзгөн шаарынын тургундары тарабынан байма-бай кайрылуулар жолдонуп келген. Ошентип бул маселе президенттин деңгээлине көтөрүлгөн.

— Түрк тарап менен кандай макулдашуулар болду?

— Ислам дүйнөсүндөгү эң көрүнүктүү диний ишмер Имам Сарахсинин жашап өткөн жери жана күмбөзү болгондуктан, башында түрк тарап аталган жерге медересе куруп жардам берүүнү сунушташкан. Ал эми президент Имам Сарахсинин күмбөзү турган аймакка жакын 9 гектарга жерди иштетүү, өнүктүрүү боюнча инвесторлорго сунушун айткан. Биргеликте Имам Сарахси комплексин куруп, эки тарапка тең пайда алып келүү максатында жерди иштетүү сунушун берген. Быйыл түрк дүйнөсүнүн муниципиалдык мекемелеринин конгресси Түркияда болду. Анда Кыргызстандан 29 муниципиалдык мекеменин өкүлдөрү бардык. Мына ошол сапарыбызда да бул маселени көтөрүп, инвесторлорду чакырганбыз. Биз өлкөгө кайткандан кийин, артыбыздан эле Түркиянын спикери башында турган, 10 депутат делегация келип, Сарахсинин мечитине жана күмбөзүнө зыярат кылып, жерди көрүп кетишкен.

— Азыркы айтылып жаткан долбоорду түрк тарап ишке ашырмай болдубу?

— Акыркы делегация кечээ өткөн «Өзгөн-Мунара-2022» фестивалында 9 гектер жерге кандай имараттарды куруп, кантип иштетүү боюнча өздөрүнүн долбоору менен жалпы коомчулукка тааныштырып кетишти. Түркиядан 51 кишиден турган топ келди, Алардын катарында Түркиянын дин башкармалыгынын өкүлү, Түркиянын Маданият министринин орун басары жана Имам Сарахсинин эмгегин арабчадан түркчөгө биринчилерден болуп которгон түрк профессору Мустафа Жеват Акшит, уулу жана небереси бар эле. Алар Өзгөн шаарына 32 чарчы метрден турган LED экран белек кылышып, ошол экран аркылуу азыр комплексти курууга даяр болгон долбоор менен тааныштырды. Анда 7 көп кабатуу үй салына тургандыгы, чоң соода борбору, илимий окуу борбору, мектеп, бала бакча, административдик мекеме курула тургандыгын айтышты. Андан сырткары курулуштарды ишке ашыра турган «Гайа» фонду түзүлгөндүгүн жарыялашты. Эми ал фондко акчалар которулуп, курулуш иштерине жумшалат.

— Курулушту ишке ашыруу үчүн Түркия менен кандай келишимге кол коюлду?

— Мамлекеттик деңгээлде Өзгөндө Имам Сарахси комплекесин куруу боюнча келишим президенттин Түркияга болгон сапарында түзүлгөн. Учурда аны ишке ашыруунун үстүндө иштеп, фонд түзүштү. Эми фондко акча которгондон кийин жергиликтүү курулушка тиешелүү иш алып барган орган менен келишим түзүп, андан соң курулушту башташат. Фондго алгачкы каражаттар түшкөндүгүн да айтышты. Эми Мамлекеттик архитектура, курулуш агенттиги жана жергиликтүү бийлик менен долбоордун үстүндө иштешет, макулдашат, уруксат кагаздарын алат. Ага чейин жердин кыртышын аныктоо боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшөт. Менин оюмча, ушул иштердин баары бүтүп, крулуш 2023-жылдын жаз айында башталп калса керек.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Маалымат үчүн: Фергана өрөөнүнөн чыккан атактуу дин алымы Имам Сарахсинин толук аты-жөнү Абубакир Бинмухаммедбинахмадбин Абисахлассарахси. Ал 1900-жылы Азыркы Түркмөнстандын Серахс деген жеринде туулган. Кийин Бухарага көчүп келип ушул жерде илим алып, андан кийин белгилүү бир саясий себептерден улам өмүрүнүн көп убактысын Өзгөндө өткөргөнү тарых булактарында айтылат.
Ошондой эле Имам Сарахси 1073-1087-жылдарга чейин Өзгөндөгү бир зынданда камалгандыгы тууралуу маалыматтар бар. 15 жылга жакын Имам Сарахси убактысын жөн өткөрбөй зындан астында туруп окуучуларына сабак берген. Окуучулары анын айткан сөздөрүн жазып турушкан. Кийин ушул айтылган маалыматтар биригип «Мабсут» аттуу 30 томдук китеп болуп чыгарылган. 1087-жылы ал бошотулуп, жашоосунун акыркы 3 жылын боштондукта өткөргөн. Бул убактысын да ал жазган китептерин жыйынтыктоого арнаган. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн Өзгөн шаарында өткөрүп, Өзгөндө жан берген. Анын мавзолейи да ошол жерде жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM