Биз менен байланышыңыз

Бишкекте балдар арасында хоккей боюнча президенттин кубогу башталды

Кыска кабар , Спорт | 29 Авг 2022 | 536 | 0

«Бишкек Арена» шаардык муз аянтчасында балдар жана өспүрүмдөр командалары арасында хоккей боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык турнирдин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен улуттук спорттун тарыхында биринчи жолу турнирге «Кыргызстандын президентинин кубогу» жогорку статусу ыйгарылган.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамабетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев жана башкалар катышкан.

Турнир үч жаш категориясында – 10, 13 жана 14 жаштагы балдар арасында өткөрүлмөкчү.

Катышуучулар Америка, Румыния, Түркия, Эстония, Латвия, Өзбекстан жана Казакстандан келген спортчулардын курама командасынан турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM