Биз менен байланышыңыз

Президент спортчу Дмитрий Бивол менен жолугушту

Кыска кабар , Спорт | 26 Авг 2022 | 663 | 0

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-августта, Кыргызстанда төрөлүп өскөн, профессионал боксчу, Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Дмитрий Бивол менен учурашып, аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын  ийгиликтүү коргошу менен куттуктады.

Ошону менен бирге Президент  машыктыруучулар курамынын, негизинен чыныгы дүйнө чемпиондорун тарбиялай алган Геннадий Машьяновдун чоң ролун да белгиледи

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан дене тарбия жана спортту, анын ичинде Дмитрий Бивол сыяктуу чемпиондорду тарбияло үчүн боксту да өнүктүрүүгө чоң көңүл буруусун уланта берерин кошумчалады.

Өз кезегинде Дмитрий Бивол Мамлекет башчысына жолугушуу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кыргыз мушкерлери менен бирге машыгуулардан алган таасирлерине токтолуп, бул жер машыгуу үчүн эң сонун экенин белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө мушкер Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө болгон көз карашы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Соңунда Президент Садыр Жапаров Дмитрий Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырды. Ошондой эле Дмитрий Бивол Мамлекет башчысына футболка жана символикалык мээлейди тапшырды.

Кошумчалай кетсек,  Дмитрий Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. 2002-жылы үй бүлөсү менен Санкт-Петербургга (Россия) көчүп кеткен.

Профессионалдык карьерасын 2014-жылы баштаган.  20 жеңишке жетип, анын 11ин нокаут менен аяктаган.  Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери. WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону курунун ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM