Жалал-Абад облусунун аймагында 13-августтан 19-августка чейин 1901 жол эрежелерин бузуу катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Алардын ичинен:
- Мас абалында авто унаа башкаруу -31,
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз карагылатуу (тонировка) -3,
- Айдоочулук күбөлүгү жана авто унаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган -29,
- Кыймылдын Белгиленген ылдамгынан ашырып айдаганы учун -810
- Башка ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн -873
Ошондой эле убактылуу токтотуучу айып короого 60 унаа токтотулган.