Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Жалал-Абадга кошумча аба каттамдары ачылды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 265 | 0

19-августтан тарта «Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек» багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдар ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кошумча авиакаттамдарды «Тез Жет» компаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткарып баштады.

Мурда Жалал-Абад шаарына каттамдар жумасына 7 жолу аткарылып келсе, учурда алардын саны тогузга чейин өстү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM