Биз менен байланышыңыз

Нарында мектеп директорун тандоо сынагынан 30 талапкер өттү

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 183 | 0

Бүгүн, 20-августта Нарын мамлекеттик университетинде Нарын облусундагы мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын облусу боюнча тестке катышууга 110 талапкер документ тапшырган.
Алардын 30унун документи жараксыз деп табылып, 4 киши тестирлөөгө келген эмес. Тестке жалпы 76 адам катышкан.
Жыйынтыгында 30 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтогон.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM