Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы мелдеш жыйынтыкталды. Кыргызстан 9-орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 19 Авг 2022 | 920 | 0

Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ислам оюндары 5-август күнү башталып, 9-август күнү салтанаттуу ачылыш аземи өткөн.

Жабылуу аземи Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу жана Ислам шериктештиги спорт федерациясынын (ISSF) президенти, Сауд Аравиянын спорт министри Абдулазиз бин Турки эл-Фейсалдын катышуусунда өттү.

Жабылуу аземинде Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрдү.

Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту. Анын 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Эскерте кетсек, салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.

Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM