Биз менен байланышыңыз

«Кара-Балта спирт заводу» этил спиртин өндүрүүнү баштады

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 186 | 0

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы крахмал камтыган сырьенун негизинде этил спиртин өндүрүүнү баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, заводдо акыркы жолу 2015-жылы крахмал камтыган сырга (буудай данына) этил спирти өндүрүлүп, 7 жылдан бери «Люкс» класстагы спирт өндүрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө 5800 декалитр «Люкс» классындагы спирт даярдалган.

Заводдун үзгүлтүксүз иштеши үчүн 878,640 тонна буудай даны алынып, сырье сатып алуу үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен 5 миң тонна буудай данын карыз алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 2800 декалитрди түзөт. Ремонт-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, жабдууларды жарым-жартылай жаңырткандан кийин ишкана суткасына 5000 декалитр өндүрүштүк кубаттуулукка жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM