Биз менен байланышыңыз

Адилет Улан уулу Түркиядагы мелдеште кикбоксинг боюнча күмүш медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 18 Авг 2022 | 695 | 0

Адилет Улан уулу Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кикбоксинг боюнча күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спортчу 60 кг салмакта беттешкен.

Алгач Азербайжандын спортчусун жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалда йорданиялык мушкерди утту, ал эми финалдык беттеште түркиялык мушкерден жеңилип 2-орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM