Биз менен байланышыңыз

Сузакта 120 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 303 | 0

Жалал-Абад обласунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жашасын-2 айылында 120 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Мектептин курлушун Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов демилгелеп, имараттардын курулушуна «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фонду көмөктөшкөн.

Ошондой эле 120 окуучуга ылайыкташкан мектеп заманбап жабдуулар менен дагы камсыздалган.

Буга чейин Жашасын-2 айылындагы окуучулар 3 чакырым жол жүрүп, коңшу айылдагы мектепте окуп келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM