Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги: Экс-президенттердин үйлөрү балдар борборлоруна айланат

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 819 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууну көздөп жаткандыгын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 200 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, анын 35 миңи 18 жашка чейинки балдар түзөт.

Ошол эле учурда өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата мамлекет кам көрүүдө кыйынчылыктарды көрүп келет.

Андыктан экс-президент Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу проспектисинин 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрдүн ордуна жана Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жайгашкан үйү күнү-түнү иштеген балдардын реабилитациялык борборуна айланат.

Экс-президенттердин үйлөрү буга чейин мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн.

Аталаган реабилитациялык борборлордо бейтаптар физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтирет.

Учурда имараттардын курулушу башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM