Биз менен байланышыңыз

Бишкекке «Город 312» тобу келет

Кыска кабар , Спорт | 17 Авг 2022 | 797 | 0

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүү өтөт.

КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар бар. Атактуу спортсмен Олег Романцев КМШ командасынын башкы машыктыруучусу болмокчу.

Кыргызстандын курамасында белгилүү футболчулар Прядкин Кирил, Жалилов Закир, Тайчиев Комол, Сало Владимир, Закиров Нематжан, Кошалиев Меклис, Березовский Валерий, Касымов Марлен, Лисичкин Сергей, Пряничников Владислав бар. Ал эми Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов болмокчу.

Күйөрмандардын алдында легендалардын матчынын атайын чакырылган коногу «Город 312» тобу жана ата мекендик эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

Оюн 30-августта саат 19:00дө башталып, кирүү акысыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM