Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиев толук акталды

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 1591 | 0

Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын 16-августтагы токтому менен ишинен убактылуу четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү, 336-берененин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылды. Бул тууралуу жактоочусу Кайсын Абакиров «Маралга» билдирди.

Абакировдун айтымында, тергөө мындай тыянакка келгенин себеби COVID-19га каршы вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Жогорку Кеңеш менен макулдашылып, Министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы болгон.

Ошондой эле, ички аудиттин материалдарына ылайык, мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эместиги жана жарандардын коронавируска каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болгон.

Мындан сырткары, «COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында 2021-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 млн 454 миң доллары өлчөмүндө орду толтурулган.

Жактоочусу кошумчалагандай, эми Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматына келүүгө толук укуктуу.

Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалган. 16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга өзгөрткөн.

Президент Садыр Жапаров тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен.

Copyright © 2017 Maral FM