Биз менен байланышыңыз

17-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 451 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 17-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +23…+28,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,

Нарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM