Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Абдрахматова Ирандын элчиси менен жолукту

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 104 | 0

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен 15-августта жолугушту. Бул тууралуу Омбудсмен Институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Атыр Абдрахматова Кыргызстандын аймагында адам укуктарын коргоо жаатында институт тарабынан аткарылып жаткан иштер, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөдө коргоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Элчи Саид Харраз Ирандын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Адам укуктары боюнча департаменттин ортосундагы кызматташтыктын мүмкүн болгон механизмдерин сунуш кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM