Биз менен байланышыңыз

Жаачы Ынтымак Мурадил уулу Түркиядагы мелдеште алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 16 Авг 2022 | 1106 | 0

Кыргызстандык спортчу Ынтымак Мурадил уулу Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында салттуу жаа атуу боюнча алтын медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал өткөн жылы Түркияда өткөн эл аралык турнирде коло медаль тагынган эле.

Мурадил уулу жаа атуу жана салбуурун менен көп жылдан бери алектенип келет. Учурда салбуурун федерациясынын мүчөсү.

Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Туркияда өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып келе жатат. Учурда Кыргызстандын спортчулары 8 алтын, 6 күмүш жана 12 коло байге ала алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM