Биз менен байланышыңыз

Ошто жакында жети социалдык дүкөн ачылат

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 289 | 0

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов социалдык дүкөн долбоору жөнүндө жобону бекитүү боюнча 15-августта жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, муниципалдык менчик башкармалыгынын, ветеринардык кызматынын, санэпиддин, салык жана монополияга каршы күрөшүү органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын катышуучулары жобонун долбооруна учурдагы баа саясатынын алкагында эт жана сүт, ун азыктарына өз сунуштарын айтышты.
Досматов белгилегендей, долбоордун негизги максаты калктын муктаж катмарына эт-сүт азыктарын базар баасынан арзан сатып алууга шарт түзүү болуп саналат.
Жыйынтыгында долбоордун практикалык бөлүгүн шаар боюнча комплекстүү түрдө ишке ашыруу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, жакынкы аралыкта шаарда бир эле учурда 7 социалдык дүкөн ачылат.

Продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан жүргүзүлөт. Баалардын мониторингин Ош шаарынын мэриясы монополияга каршы кызматтын облустук башкармалыгы менен биргеликте жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM