Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жол кырсыгы: Беш жөө жүргүнчүнүн үчөө реанимацияда (видео)

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 3621 | 0

Бишкекте Патриса Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен BMW үлгүсүндөгү унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 3 жаран реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Хонда фит үлгүсүндөгү унаа Патриса Лумумба көчөсү менен бара жатып, Волкова көчөсүнө жетпей БМВ үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

БМВ үлгүсүндөгү авто унаа андан ары сүрүлүп барып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан үч жаран жабыркап, реанимацияга жаткырылган.

Милициянын кайгуул кызматынын берген маалыматы боюнча Хонда Фитти 1995-жылы туулган У. У.аттуу жаран, ал эми БМВны Б.М. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан.

Учурда унаалар айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM