Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы мелдеш: Канымжан Алмазбек кызы оор атлетика боюнча коло байге утту

Кыска кабар , Спорт | 15 Авг 2022 | 1277 | 0

Канымжан Алмазбек кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында оор атлетика боюнча коло байге утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Спортчу 87 кг салмакта катышты.

Алгач жулкуп көтөрүүдө 76 кг көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 95 кг ийгиликтүү аткарган.

Жалпы 171 эсеп менен Ислам оюндарында 3-орунду ээледи.

Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Туркияда өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышууда. Бүгүнкү күндө улуттук курама команданын эсебинде 17 медаль бар. Алардын алтоо алтын, алтоо күмүш жана беш коло.

Оюндар 18-августка чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM