Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын 9 маданият ишмери Ауэзовдун алтын медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 417 | 0

Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Кыргызстандын адабият, илим, искусство, маданият жаатында эмгеги сиңген бир катар инсандарды сыйлады. Бул тууралуу Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Султан Раев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазыды.

Раевдин айтымында Кыргызстандан төмөнкүлөр сыйланган:

1. Чолпон- Ата шаарындагы Мухтар Ауэзов үй-музейинин директору Саламат Табышова, музей кызматкери Манат Бообекова,

2. М. Ауэзовдун «Абай жолу» үчүлтигин кыргыз тилине которгондугу ( жаңы версия ) үчүн Изиля Рахимова,

3. М. Ауэзовдун «Еңлик-Кебек» спектаклин сахнага чеберчилик менен койгондугу үчүн

  • КРнын эл артисти Нуркан Турсунбаев,
  • КРнын эмгек сиңирген артисти, режиссер-коюучу Назым Мендебаиров,
  • артист Эрлан Осмонов,
  • артист Гүлнара Сатарова,
  • котормочу Жипаринса Көчөрбаева.

4. М.Ауэзовдун айкелин жогорку чеберчилик менен жараткандыгы үчүн айкелчи Тамила Маматова,

5. Кыргыз-казак адабий байланышына кошкон зор салымы үчүн жазуучу Айдарбек Сарманбетовдор сыйланган.

Ошондо йэле аталган эл аралык сыйлык менен Казакстандын, Орусиянын, Германиянын, Кытайдын, Өзбекстандын, Белоруссиянын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү адабият, искусство жана маданият ишмерлери сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM