Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө токтотулду

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 854 | 0

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамды 20 күн болгондо токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат.

ӨКМдин куткаруучулары 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок натыйжа болгон эмес.

Суучулдар 20 метр тереңдикке кирип, издешен. Ошондой эле көп сандаган куткаруу топтору тартылган.Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжалуу болгон эмес.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Аиша Нурдинова көлгө чөгүп кеткен. Кыз матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал болуп, толкун агызып кеткен. Кыздын атасы куткарууга жетишпей калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM