Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 158 | 0

Бишкекте 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын маалыматына таянып, мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу ушул жылдын 15-августунан 20-августуна чейин 14-троллейбус Бейшеналиев-Москва-Фучик көчөлөрү менен жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM