Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы мелдеш: Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы Бишкекке келди

Кыска кабар , Спорт | 15 Авг 2022 | 1404 | 0

Бүгүн, 15-август эртең менен «Манас» эл аралык аэропортуна Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү, кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазаровалар келип конду. Аларды Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу аэропортун басма сөз кызматы билдирди.

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады.

Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Туркияда өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып келе жатат. Бүгүнкү күндө улуттук курама команданын эсебинде 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло. Оюндар 18-августка чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM