Биз менен байланышыңыз

Суучул Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло утту

Кыска кабар , Спорт | 14 Авг 2022 | 343 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркиядагы Ислам тилектештиги оюндарында 3-орунду ээлеп, коло байге алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Спортчу брасс стилинде 50 м аралыкка жарышта үчүнчү болгон.

Алдыда Денис Петрашов 200 жана 100 м аралыктагы жарыштарга катышат.

Эске салсак, Түркиянын Конья шаарында 9-19-август аралыгында Ислам шериктештиги оюндары өтүп, ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышууда. Жалпысынан спорттун 24 түрү боюнча 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча 150 ашуун спортчу мелдешке катышууда. Учурда Кыргызстандын курамасынын капчыгында 6 алтын, 5 күмүш, 4 коло медаль бар.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM