Биз менен байланышыңыз

Ош: Директорлорду тандоо сынагынан 25 пайызы гана өттү

Кыска кабар | 13 Авг 2022 | 451 | 0

Бүгүн, 13-августта Ош мамлекеттик университетинде Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Документтерин 541 жаран тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтерин толук эмес тапшырып, экинчи баскычына өтпөй калган.

Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келбей калгандыктан, 359 жаран тест тапшырды.

Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогору балл алган, бул катышуучулардын 25% түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Мектеп директорлорун тандоо сынагы кечээ Жалал-Абад облусунда да өтүп, босого баллдан 61 талапкер өткөн. 19-20-август күндөрү Чүй облусунда, 22-август Талас облусунда тестирлөөнү өткөрүү пландалууда.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM