Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникалар тапшырылды

Кыска кабар | 13 Авг 2022 | 357 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Министрликтин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды. Техникалар республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатылып алынды. Ошондой эле, ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу пландалууда.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынган.

Садыр Жапаров сүйлөгөн сөзүндө, куткаруучуларга заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтүп, элдин бийликке болгон ишенимин арттырарын, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калуусу, бул жагдайды жакшы билерин жана анын үстүндө иштеп жатканын айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM