Биз менен байланышыңыз

Ислам шериктештиги оюндары: Айпери Медет кызы алтын байге алды

Кыска кабар , Спорт | 12 Авг 2022 | 523 | 0

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынды.

Ал бүгүн, 12-августта мелдеште 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынады.

Айлампа тартибинде өткөн таймашта алгач Кот-д’Ивуардын балбаны Айюини, 2-айлампада индонезиялык балбан Хидаят Варадиса Септи Путрини, жарым финалда түркиялык Мехтап Гултекинди утуп, финалга жолдомо алган. Финалда ал кайрадан Кот-д’Ивуардан келген  Айюин Амини менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми Узур Жузупбеков финалда өзбекстандык Рустам Ассакалов менен күрөшүп, жеңишти алдырып, күмүш байгеге ээ болду.

Бүгүн дагы байгелүү орундарды Тынар Шаршенбеков (күмүш), Калидин Асыкеев (күмүш) жана Дилназ Сазонова (коло) ээледи.

Ушул тапта Кыргызстандын капчыгында үч алтын, төрт күмүш жана бир эки коло байге бар.

Ислам шериктештиги оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы, коронавирус пандемиясынан улам 2022-жылдын августуна жылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM