Ош шаарында сууга чөккөн 7 жашар баланы издөөгө 65 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын Учар айылынын Дача тилкесинде каналга 2015-жылы туулган С.А. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 8-августта түшкөн.
Бүгүн, 9-августта жеринде издөө иштери уланууда, жалпы 65 куткаруучу тартылган.