Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон балдар табылды

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 117 | 0

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон үч бала аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 8-августта Ысык-Көл облусундагы «Кыргызское взморье» эс алуучу жайда жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Ошол замат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери эс алуу жайынын айланасынан издешип, кечки саат 21:15 чамасында кызды табышкан.

Ушундай эле көрүнүш «Голубой Ысык-Көл» эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, полктун кызматкерлери издѳѳ иштерин жүргүзүп, табылган эгиз кыздарды туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM