Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы мектептерге 200 мугалим жетишпейт

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 257 | 0

Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Тагыраагы, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мектептердеги бош орундардын тизмеси:

  1. Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде).
  2. Орус тили жана адабияты мугалимдери — бардыгы болуп 36 адис. Анын ичинен 33 адис орус тилинде окуткан мектептерде, 2 адис мамлекеттик тилде окуткан мектептерде жана 1 адис өзбек тилиндеги мектептерде.
  3. Математика мугалимдери – 22 адис. Анын ичинен 20 адис орус тилдүү мектептерге, 1 адис мамлекеттик тилде билим берген мектептерге жана 1 адис өзбек тилдүү мектептерге.
  4. Физика мугалимдери — 15 адис. Анын ичинен орус тилдүү мектептерге 14 адис, өзбек тилдүү мектепке 1 адис.
  5. География мугалимдери – 14 адис. Анын ичинен 13 адис орус тилинде окуткан мектептерге, 1 адис өзбек тилиндеги мектепке.
  6. Англис тили мугалими – 10 адис, тарых мугалими – 10 адис, дене тарбия мугалими – 10 адис, химия мугалими – 8 адис, музыка мугалими – 8 адис.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM