Бүгүн, 8-августта Чүйдүн Аламүдүн районунда саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Мраморный айылында 17 үй жана 2 сарайдын чатыры учкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Айылда бак-дарактар кулап жана электр мамычалары үзүлү, ошол учурда электр энергиясы өчкөн.
Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, РЭСтин кызматкерлери иш алып барууда.
ӨКМдин кызматкерлеринин тактоосунун натыйжасында 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатыры учуп, жараксыз абалга келген.