Биз менен байланышыңыз

Аксакалдар кеңешинин төрагасы «Данакер» ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 216 | 0

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту.

Президент белгилегендей, Аксакалдар кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жылдарында Мамлекет башчыларынын кеңеши таянган маанилүү кеңешүүчү органга айланды. Аксакалдар кеңеши өзүнүн иш-чараларынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун ишин байыткан маанилүү чечимдерди демилгелеген.

Өз кезегинде аксакалдар Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда Кыргызстан  менен Түркиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Түрк мамлекеттеринин Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды «Данакер» ордени менен сыйлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM