Биз менен байланышыңыз

Кенжеев: Бедени бир жылда төрт жолу чабуу үчүн күздө себүү керек

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 656 | 0

Кыргызстанда дыйкандар кылкандуу дан эгиндерин күздө айдоо иштери боюнча жетиштүү деңгээлде маалыматка ээ. Мындай пикирин «Бай Дыйкан» айыл чарбасын колдоо борборунун өкүлү Азрет Кенжеев «Чарбачыл» программасында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө күздө айдоо иштеринин алкагында көбүнчө буудай эгилет.

Ал ошондой эле буудай, арпа жайында эрте бышкандыктан, аларды оруп алгандан кийин бошогон жерлерге беде себүү пайдалуу экендигин айтты.

«Буудай, арпаны оруп алгандан кийин, бош калган жерге сентябрь айында беде себүүгө болот. Анткени күзүндө айдалган беде кийинки жылы төрт жолу оруп алганга мүмкүндүк берет. Жазында себилген беде тамыр алып, өсүп чыкканга чейин 2 ай убакыт кеткендиктен, аны 2 жолу гана оруп алганга мүмкүнчүлүк болот. А эгерде күздө себилген болсо, ал кышка чейин жерге тереңдеп тамыр алып кирүүгө жетишип, жазында тамыр алууга эмес, өсүп чыгууга күчүн жумшайт», — деди ал.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө тоют маселеси негизги көйгөйгө айланып турганда, беде себүү максаттуу экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары ал айыл чарба тармагындагы баардык эгиндердин түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн, жазгы айдоо болсо да күзүндө жерге кам көрүп баштоо керектигин эскертти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM