Биз менен байланышыңыз

Талас жана Жалал-Абадда коррупцияга каршы семинар өткөрүлдү

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 362 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Талас жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын алдын алуу боюнча көчмө семинарларды өткөрдү.

Семинарларга Талас жана Жалал-Абад шаардык мэрияларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын жетекчилери катышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерге баа берүү жана азайтуу, аларды аныктоо ыкмасы боюнча окуудан өтүштү жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын негизги багыттары менен таанышты.

Учурда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик тобу тарабынан Каракол, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын шаарларынын мэрияларынын айрым түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши коррупциялык тобокелдиктер жана көрүнүштөр боюнча аялуу аймактарын аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM