Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча кийинки соттук отурум 10-августта өтөт

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 401 | 0

Бүгүн, 8-августта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп өттү. Анда кийинки соттук отурум 10-август саат 10:00дө боло тургандыгы белгилүү болду. Андан кийинки отурумдар 12, 15, 17 жана 19-августта саат 10:00дө өтөт.

Кой-Таш окуясына быйыл үч жыл толду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.

Бүгүн, 8-августта Биринчи май райондук сотунун имараты алдында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары акция уюштурушуп, анын бошотулушун талап кылышты.

Эске салсак, 2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Атамбаевди кармоо операциясында бир адам каза болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM