Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кадастрдын» Аламүдүн филиалынын кызматкери пара алып кармалды

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 183 | 0

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Кадастр» ишканасынын кызматкеринин Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жер участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн К.П.К. аттуу жарандан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Ушул жылдын 28-июлунда УКМК дарегине, К.П.К. аттуу жаран «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылган.

Ушул жылдын 3-августунда «Кадастрдын» Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM