Биз менен байланышыңыз

Жаркынбек Касымбеков жарандарды кан тапшырууга чакырды

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 203 | 0

Бүгүн, 6-августта Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жана министрдин орун басары Улан Садыков кан борборунда кан тапшырышты.

Жаркынбек Касымбеков кан куюу менен врачтар бейтаптын өмүрүн сактап кала аларын белгиледи.

Учурда кан борборунда бейтаптарга кан куюу үчүн кандын запасы дээрлик калбай калган. Бүгүнкү күндө III группадагы (B) терс (Rh-) кан тобу жок.

Кандын запасынын жетишсиздигинен улам аталган борбор жарандарды кан тапшырып кетип, адам өмүрүн сактап калууга жардам берүүгө чакырууда.

Кан тапшырууга кантип даярдануу керек, ким донор боло алат жана башка суроолор боюнча 0(312)54 19 13 номерине кайрылууга болот. Дареги: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60.

Кан донору болууну каалаган жарандар облустардагы кан борборлоруна да кайрылып, кан тапшыра алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM