Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Алты айда 38 адам сууга чөгүп каза болду

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 286 | 0

Быйыл 6 ай ичинде өлкө аймагында 823 жолу өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштармалуу 39,2%га кыскарган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйынында белгилүү болду.

Өрттөн материалдык чыгым 227 миллион сомду түзүп, 2021-жылдын биринчи жарымына караганда 36,7% азайган.

Ошондой эле алты айда 38 адам сууга чөгүп каза болсо, өткөн жылдын 6 айында бул көрсөткүч 62 адамды түзгөн.

Мындан сырткары алты айда 47 жолу өзгөчө кырдаал катталып, өткөн жылга салыштырганда 51,5%га көбөйгөнү, алардын 22си сел каптоо болуп, жалпы чыгым 382 млн 788 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары коллегиянын жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев аскер кызматкерлери арасында болуп өткөн терс көрүнүштөргө токтолду.

«Кызмат өтөп жүрүп сабалган жоокердин окуясы мындан ары эч качан кайталанбашы керек. Аскердеги терс көрүнүштөргө жол бербөөгө такай көзөмөл жүргүзүүнү талап кылам. Жоокерлерге окуу тарбиялык иштери күчөтүлүп, алар үчүн спорттун ар кайсы түрүнөн мелдештер, маданий иш-чаралардын саны көбөйтүлсүн. Жоокерлер энергиясын туура багытта колдонуп, көбүрөөк машыгып, бош убактыларын ден соолугун чындоого арнаш керек», — деди министр Бообек Ажикеев.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министри жай мезгилинде эс алуучулардын сууга түшүүдөгү коопсуздугун камсыздоодогу пансионаттардын жоопкерчилигин күчөтүү, өрт жана табигый кырсыктардын алдын алуу аракеттерине басым жасады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM