Биз менен байланышыңыз

Кан борборунда кан жетишсиз болууда

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 220 | 0

Бишкектеги Республикалык кан борборунда кан жетишсиз болууда. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Учурда кан борборунда бейтаптарга кан куюу үчүн кандын запасы дээрлик калбай калган. Бүгүнкү күндө III (B) терс (Rh-) кан тобу жок.

Донордук кандын тартыштыгынан улам Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева мекеменин кызматкерлери менен кан тапшырып келишкен.

Кандын запасынын жетишсиздигинен улам аталган борбор жарандарды кан тапшырып кетип, адам өмүрүн сактап калууга жардам берүүгө чакырат.

Кан тапшырууга кантип даярдануу керек, ким донор боло алат жана башка суроолор боюнча 0(312)54 1913 номерине кайрылууга болот. Дареги: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60.

Кан донору болууну каалаган жарандар облустардагы кан борборлоруна да кайрылып, кан тапшыра алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM