Мамлекеттик салык кызматы жети айда 27 млрд 819,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, план 2,5 %га же 679,6 млн сомго ашыгы менен аткарылган.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 6 млрд 102,2 млн сомго көп чогултулду. Өсүү темпи 128,1%.