Биз менен байланышыңыз

Билим берүү тармагын реформалоого Араб координациялык тобу 75 млн доллар берет

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 379 | 0

Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү кеңешмеси жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү ошондой эле министрлер кабинети тарабынан социалдык турак жай, транспорттук инфраструктура, суу менен камсыздоо жана канализация, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы сунушталган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин карап чыгып, талкууга алышты.

Кеңешмеде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк менен Араб координациялык тобу ортосундагы өнөктөштүктү мобилизациялоо демилгеси боюнча презентация сунуштады.

«Араб координациялык тобу 500 млн долларды мобилизациялады, ал билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк гранттары менен бириктирилет.

Жогорудагы макулдашууларга ылайык, Кыргызстан бул тармакты өнүктүрүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн 15 млн долларлык гранттык каражаттары менен бирге Араб координациялык тобунан 60 млн доллар алууга укуктуу. Министрлер кабинети аталган программаны ишке ашырууга катышууга кызыкдар», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM