Биз менен байланышыңыз

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 миңден ашуун ККМ колдонулууда

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 315 | 0

Быйыл 6 айда ККМди колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698.1 млрд сомду түздү жана жалпысынан өлкөдө 52 миңдей ККМ колдонулууда. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351.8 млрд сомго көп. Өсүү темпи 201.6 %ды түздү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын башынан бери20 миңден ашуун ишкана ККМ менен иштөөгө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 миңден ашуун ККМ колдонулууда.

ККМ-онлайнды киргизүүнүн аркасында Салык кызматынын маалымат базасына келип түшкөн акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар ишкерлердин ишин, анын ичинде экономикалык ишмердүүлүгүн көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн талдоого мүмкүндүк берүүдө.

Эске салсак, ушул жылдын 10-майынан тартып Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын өткөрүүдө, анын негизги милдети – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кыргызстандыктарды кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 95 миңден ашуун жаран катышууда, «Салык чек» тиркемеси аркылуу алар 6.1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешти. Лотереянын экинчи утушу 1-октябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM