Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 132 | 0

Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

18-июль күнү Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда сууга чөккөн Аиша Нурдинованы издөөгө катышып жаткан ыктыярчылар социалдык тармактарда көлдөн адам сөөгүнүн калдыктарын тапканын жазышкан.

Белгиленгендей, 1-август күнү саат 15:00дөр чамасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабында эски балык уулоочу тор менен кошо адам сөөгүнүн калдыктары табылган.

Аталган факт Ысык-Көл милициясынын электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин сууга чөккөн кыздын атасы кайдыгер карабаган жарандардын бардыгын кызын издөөгө жардам берүүгө чакырган. 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Аиша Нурдинова көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштери жүрүп, бирок жыйынтык болбой келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM