Биз менен байланышыңыз

Президент УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 486 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратын ачылышына катышты.

Садыр Жапаров анда сүйлөгөн сөзүндө, учурда өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн УКМКнын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, чекисттердин кызмат өтөөсүнө зарыл шарттарды түзүүгө, айлык акыларын жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга зарыл болгон аракеттерди жасап жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров Сирия, Ооганстан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдешүүсү, алардын Кыргызстандын аймагында тамыр жайышы, укук коргоо жана күч органдарынан сактыкты, ар кандай кырдаалдарга даяр болууну зарылдыгын талап кыларын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM