Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда тамактан уулангандардын саны 122ге жетти

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 205 | 0

Бүгүн, 3-августка карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Алмаз” тойканасында тамактан уулангандардын саны 122 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлады.

Учурда 43 адам ооруканада дарыланууда, алардын ичинен экөө жаш бала. Калган 77 жаран үй шартында дарыланууда. Бейтаптардын абалы канатандыраарлык, реанимация бөлүмүндөгү 2 жаш бала абалы канатандыраарлык болгондуктан, инфекция бөлүмүнө которулган.

Кошумчалай кетсек, 30-июлда “Алмаз” тойканасында 250 кишинин катышуусу менен үйлөнүү үлпөтү өткөн. 31-июлда тамакка ууланган адамдар ооруканага кайрыла башташкан (алар кусуп, ичи өтүп, алсыздык сезип, дене табы 39 градуска чейин көтөрүлгөн).

Буга чейин Кадамжайда тойканада жапырт уулануу катталып, андан 108 адам жабыркап, 16 адам ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM