Биз менен байланышыңыз

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын ыкчам жыйыны болуп өттү

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 207 | 0

УКМКнын машыгып-окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишимин уюштурууга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын атайын күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда 1-2-августта ыкчам жыйыны болуп өттү.

Ага ЖККУга мүчө Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын делегациялары катышкан.

Мындай жамааттык машыгуулар ЖККУнун жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында эл аралык жана аймактык деңгээлде биргелешкен иштердин зарылдыгын жалпы түшүнүү жөнүндө күбөлөндүрөт.

Ыкчам жыйынга ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семереков катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM