Биз менен байланышыңыз

Ошто спорт шаарчасы пайда болот

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 159 | 0

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов «Алай» футбол клубунун машыгуу жана кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышты. Калаа башчы стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде трибуналардын астындагы жайларды оңдоо иштерин көрдү. Анда кийим алмаштыруучу жайларды жана келечекте академияда жаш футболчуларды даярдоо үчүн класстарды ачуу пландалууда.

Ошондой эле душ бөлмөлөрүн оңдоо иштери аяктап, биринчи жолу чыгыш жана түндүк тарабындагы трибуналардын акыркы бөлүгүн оңдоо иштери жүргүзүлдү. Медициналык кабинет оңдолуп, пайдаланууга берилди, кир жуучу жай ачылды.

«Алай» футбол клубунун директору Улан Алымканов машыгуу аянтчасынын ачылышы менен таншытырды.

Иш сапардын алкагында шаар башчысы жарыктандыруу системаларын уюштурууга өзгөчө көңүл буруп, асфальттоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары, аймакта спорт зал, воркаут аянтчасын түзүү, үчүнчү кичи футбол аянтчасын куруу, спорттук кийимдерди жана спорттук тамак-аш дүкөндөрүн уюштуруу маселелери каралды.

Жалпысынан 300 орундуу футбол академиясын ачуу максатында Сай-Бою көчөсүндө спорт инфраструктурасын өнүктүрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM