Жогорку Кеңештин расмий сайтына кибер чабуул болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-июль күнү Жогорку Кеңештин www. kenesh.kg расмий сайты белгисиз адамдар тарабынан бузулган. Азыркы учурда веб-портал убактылуу иштебейт жана сайтты кайрадан калыбына келтирүү боюнча техникалык иштер жүргүзүлүп жатат.
Киберчабуул (хакердик чабуул) — компьютердик системанын маалыматтык коопсуздугуна болгон аракет, маалыматтык системага кол салуу. Анын иштешин үзгүлтүккө учуратуу үчүн жеткиликтүүлүк, бүтүндүк же купуялуулукту бузууга багытталган чабуулчу тарабынан атайылап жасалган аракеттердин жыйындысы.